Самарканддагы саммитте президент Садыр Жапаров түрк тилдүү өлкөлөрдүн транспорт байланышын күчөтүүнү сунуштаса, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эркин экономикалык аймак түзүү зарылдыгын белгиледи. Маркум жазуучу Чыңгыз Айтматовго сыйлык ыйгарылды. Бүгүн жыйынтыкталган саммитке жети өлкөнүн лидери катышты. Үч күндөн бери Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын бөгөт чарасы каралып жатат. Айыпкерлер алардын күнөөсүн далилдеген бир дагы документ, далил көрө электигин айтып жатышат. Ал эми прокурорлор далилдер жетиштүү экенин айтып, 20дан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активистти темир тор артында калтырууну өтүндү. Украин армиясы өлкө түштүгүндө 40тан ашуун конушту бошотту. Орус бийлиги Херсондон өз армиясын чыгарып кеткенин жарыялады. 300 миңдей эл жашаган жер "өлүк шаарга" айланып калганы айтылды.
Украин армиясы Херсонго кирди
Чыгарылыштар
-
Апрель 11, 2025
Якутияда жол кырсыгынан беш мигрант каза болду
-
Апрель 10, 2025
Орусия: Тил билбеген балдар мектепте кабыл алынбайт
-
Апрель 09, 2025
Акын жана журналист Азамат Ишенбеков эркиндикке чыкты
-
Апрель 08, 2025
Муфтият: Никаб кыргыз коомуна жат көрүнүш
-
Апрель 07, 2025
Жер кодексинин жаңы варианты артка кайтарылды
-
Апрель 04, 2025
Еврошаркет Борбор Азияга 12 млрд евролук инвестиция бөлөт