Шабдалы дарагы 10-15 жыл гана өмүр сүргөндүктөн бул аймакта шабдалы көчөтүн гилас багы менен кошо эгишет. Гилас көчөтү чоңоюп жетилгенче шабдалы кургайт.
Баткендин ширин шабдалысы
Баткен облусунда жалпысынан эки миң гектардай шабдалы аянты болсо, анын бир жарым миң гектары Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан.

1
Үчкоргондуктар чет жактарга кетпеген шабдалысын жолдун жээгине алып чыгып сатышат.

2
Шабдалы көчөтү эгилгенден кийин эки жылда түшүм бере баштайт.

3
Кыргызстанда шабдалынын 20дан ашык сорту өстүрүлөт.

4
Эң кымбат делген ак шабдалы 80 сомдон сатылат.

5
Үч-Коргон айыл аймагында жылына орточо эки миң тоннадан ашык шабдалы түшүмү жыйналат.

6
Быйылкы жылы экспортко кетчү шабдалынын орточо баасы 30-35 сомдон бааланууда.

7
Жыйналган шабдалы негизинен Орусия, Казакстан, Тажикстанга экспорттолот.

8
Жол боюнда шабдалынын бир килограммы 10 сомдон 80 сомго чейин сатылууда.

9
Шабдалынын сатылбай калган мөмөлөрүн кышка кыйма жасап, компот кайнатып, ширесин сыгып алышат.

10

11