Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Борбор Азия

бейшемби 2 Май 2024

Календарь
2024-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
29 30 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Москвадагы Внуково аэропортунда камалып калган тажик мигранттары, 27-апрель, 2024-жыл
Москвадагы Внуково аэропортунда камалып калган тажик мигранттары, 27-апрель, 2024-жыл

Москванын аэропортунда камалып жаткан жүздөгөн тажик жараны Дүйшөмбүгө депортацияланды. Кремль чек арада чет элдиктерди текшерүү убактылуу экенин жана ал кайсы бир улутка атайын багытталбаганын белгиледи. Орус бийлиги мындай кескин чараны терроризмдин алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.

«Азия-Плюс» маалымат агенттиги кабарлагандай 26-30-апрель күндөрү Москванын Внуково аэропортуна учуп барган 3101 тажикстандыктын 643ү кайра мекенине жөнөтүлдү, дагы 117син депортациялоо чечими чыкты.

Москванын Шереметьево, Жуковское жана Домодедово аэропортторунда да агенттиктин маалыматына караганда абал жакшы эмес.

Мухриддин менен Лавров сүйлөштү

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондон сүйлөшкөнүн Москва 30-апрелде билдирди.

Сирожиддин Мухриддин жана Сергей Лавров. 6-июнь, 2023-жыл. Дүйшөмбү шаары.
Сирожиддин Мухриддин жана Сергей Лавров. 6-июнь, 2023-жыл. Дүйшөмбү шаары.

Кремль чек арадагы чет элдиктерди текшерүү убактылуу экенин жана ал кайсы бир улутка багытталбаганын билдирди. Лавров муну Орусияда "терроризмдин алдын алуу аракети" менен байланыштырды.

"Көрүлүп жаткан чаралар убактылуу мүнөзгө ээ экени, алардын белгилүү бир улутка же динге каршы багытталбагандыгы жана көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы абал акырындык менен жөнгө салынары өзгөчө баса белгиленет", - деп айтылат Москванын билдирүүсүндө.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар кандайдыр бир пикирге келген-келбегени белгисиз.

29-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Орусиянын аймагында тажик жарандарына жасалган орой мамиле жана алардын укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу" Дүйшөмбүдөгү орус элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырган.

Семен Григорьев.
Семен Григорьев.

"Мындай аракеттер Тажикстандын жарандарына гана тиешелүү. Бул тажик-орус мамилелерине жана салтына түп тамырынан туура келбейт" - деп белгиленет нотада.

27-апрелде Тажикстандын тышкы саясат мекемеси Москванын Внуково аэропортунда 1000ге жакын тажик жараны кармалып турганын билдирген. Арасында Орусияда билим алып жаткан студенттер да бардыгы маалым болгон.

Ага чейин 26-апрелде Орусияга Казакстан аркылуу бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканы да кабарланган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин "террордук коркунуч" дагы деле бардыгын, буга байланыштуу чек арада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айткан.

"Биз эмнеден жаздык?"

Дүйшөмбүдөгү саясат талдоочу Абдумалик Кодиров "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде орус бийлигинин мигранттарга жасаган кысымын "өч алуу аракети" деп сыпаттады.

"Акыркы жылдары, өзгөчө Орусия Украинага согуш баштагандан кийин Тажикстандын Москвага болгон мамилеси бир аз өзгөрдү. Президент Рахмон тажиктерге урмат-сый менен мамиле кылуу керектигин ачык айткан. Балким ушундан кийин бүгүнкү орус бийлигинде өч алуу сезими пайда болуп, эсептешүү сааты "Крокустагы" теракттан кийин келди. Анда негизги айыпталуучулар Тажикстандын жарандары болгон. Орус бийлиги бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жатат, анткени алар кимди садага чабууну таап алышты", - деп белгиледи Кодиров.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын октябрында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Астанада өткөн "Борбор Азия – Орусия" лидерлеринин жыйынында Владимир Путинге кайрылып, Москваны Тажикстанды жана чөлкөмдөгү өлкөлөрдү урматтоого чакырган.

"Биз кайсыл жерде, эмнеден жаздык? Кайда, ким менен туура эмес учурашып койдук? Дайыма учурашып, эч нерсени бузган жокпуз. Биз ар дайым негизги стратегиялык өнөктөшүбүздүн кызыкчылыгын сыйлап келгенбиз, бирок биз дагы сый күтөбүз. Биз африкалык өлкөлөр менен бирдей чет элдикпизби?", - деген Рахмон.

Рахмон Борбор Азиядагы өлкөлөр Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш катары тутарын, аларда орус аскердик базалары, орус мектептери, баары бар экенин белгилеп, бирок Москва аларга ошого жараша көңүл бөлүп, мигранттарга тиешелүү мамиле жасабай жатканына даттанган.

22-мартта Москванын "Крокус Сити Холлундагы" терактан кийин миңдеген тажик мигранттары Орусиядан мекенине келгенин Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министрлигинин маалыматы боюнча быйыл үч айда кайтып келгендердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60% көп болгон.

Кайткан мигранттар кайдан иш табат?

Рахмондун өкмөтү мекенине кайткан жүз миңдеген мигрантты иш менен камсыз кылууга даярбы? Бул суроого коңшу өлкөнүн экономика министринин мурдагы орун басары, учурда Канадада жашаган Каримжон Ахмедов "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде жооп берди.

"Биз таптакыр даяр эмеспиз. Анткени Тажикстандын калкынын 70% айыл чарба тармагында иштейт жана ал тармак өнүккөн эмес. Эгер жаңылбасам, бул Тажикстандын экономикасынын жалпы көлөмүнүн 17-18% гана түзөт. Бийлик Орусиядан келгендерди жумуш менен камсыз кыла албайт. Ал эми бул Тажикстандагы саясий режимдин өкүм сүрүшүнө коркунуч туудурат. Ошондуктан алар кырдаалды ушул бойдон сактап калуу учун бардыгын жасайт, кандай гана болбосун эпке келтирет" - деген мурдагы аткаминер Орусияда үч миллиондон ашык тажикстандык эмгектенерин белгилейт.

Ахмедов Орусиядагы жарандардын мекенине кайтышы менен өлкө социалдык жана экономикалык көйгөйгө кептелиши толук ыктымал экенин четке какпайт.

"Биз көптөгөн терс нерселерге туш болобуз. Бул кылмыштуулуктун абалын дагы күчөтөт жана жаштарды радикалдаштырат. Алар тажик бийлигинин саясий кысымына туш болот. Тажикстандын калкынын бир бөлүгү четте иштеп, өлкө алардан келген каражат менен араң социалдык муктаждыктарын жаап жатат. Буга кошумча дагы 200-300 миң киши, албетте, көйгөй. Алар буга макул болушпайт, бүгүн пайда болгон бул чыңалууну жеңилдетүү үчүн бардыгын жасашат", - деди экс-аткаминер.

Тажикстандын расмий бийлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияга 650 миңден ашык адам кеткен. Орус жергесинде тажик мигранттары саны жагынан Өзбекстандан кийинки экинчи орунда турат.

Терактка шек саналган 13-киши

27-апрелде Москва шаарындагы Басман райондук сотунун чечими менен "Крокус Cитидеги" кандуу кол салууга тиешеси бар деген шек менен Жумахон Курбонов камалды. Тергөө материалдарына ылайык, тажикстандык Курбонов "терордук кол салууга керектүү акча берип, телефон байланышы менен камсыздап турган".

Жумахон Курбонов.
Жумахон Курбонов.

Москвадагы терракты ишке ашырууга аралашкан делген 13-шектүү, тажик жараны Курбонов кандай жагдайда кармалганы, күнөөсүн мойнуна алып-албаганы белгисиз.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым жердеги Красногорск шаарында "Крокус Сити" борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, туш келди ок чыгарып, өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Human Rights Watch уюму Орусиядагы ксенофобия жана тажик мигранттарынын укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирип келет. Эл аралык уюм 5-апрелдеги билдирүүсүндө кол салуудан кийинки бир жумада орус сотторунда иммиграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу иштердин саны 70% көбөйгөнүн билдирген.

Грузияда парламент талаштуу мыйзамды карай баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:16 0:00

ХАМАС радикал уюму Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу сунушту карай баштады. Ал арада Израил армиясы Газа тилкесине сокку урууну улантууда. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди Жогорку сот күчүндө калтырды. Ал коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал. Саясатчы Адахан Мадумаров соттук ишине жана мандатынын алынышына байланыштуу жогорку инстанцияларга даттанды. Ал өткөн аптада тергөө абагынан чыгып, ошол эле күнү мандаты алынган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG