Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Шыкмаматов юстиция министринин кызматынан бошотулду


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматовдун отставкага кетүү боюнча арызын канааттандырып, аны юстиция министри кызматынан бошотуу боюнча буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-февралда кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шыкмаматов 3-февраль күнү иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Ага президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев менен пикир келишпөөчүлүк себеп болгонун айткан.

Өткөн айда жергиликтүү гезиттердин бирине "Аида Салянова Нарымбаевдин саясый оюндарынын негизинде кызматтан кеткени тууралуу" Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыяланган эле. Нарымбаев министрдин үстүнөн коалициялык көпчүлүккө арыз жазып, расмий кечирим сурашын талап кылган. Бирок Шыкмаматов кечирим суроодон баш тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG