Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Кытайда жол бузулуп, элүү чакты кишинин өмүрү кыйылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Кытайда автомобилдик жолдун астындагы жер кыртышы бузулгандан улам каза болгондор 48ге жеткенин, дагы үч кишинин тек-жайын тактоо жүрүп жатканын бүгүн 2-майда «Синхуа» маалымат агенттиги билдирди. Кырсык шаршемби күнү өлкөнүн түштүгүндөгү Гуандун провинциясында Мэйчжоу - Дабу багытындагы шосседе болгон. Жараат алган 30дай киши ооруканага жаткырылды.

Мэйчжоу шаары аркылуу өткөн жолдун дөңсөдөгү тилкесинде узундугу дээрлик 18 метрлик асфальт алдындагы кыртыш бузулганы, артынан машиналар да ылдый көздөй түшүп кеткени маалымдалды.

Associated Press маалымат агенттиги билдиргендей, кеминде отуз чакты машина кулады, кырсыкка тынбай жааган нөшөр жаан себеп экени айтылганы менен мындай окуялар боюнча териштирүү жүргүзүлгөндө жол куруу иштеринин сапаты боюнча да суроо жаралган учурлар болгону белгиленди.

Бул аймакта соңку бир ай ичинде жаан-чачын былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрт эсе көп болгону, жаан азыр да жаап, куткаруу иштерине тоскоолдук жаратып жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG