Cүрөттөр сүйлөйт. 2023-жылдын көз ирмемдери
2023-жыл "Эркин Европа/Азаттык" радиосу маалымат тараткан аймактарда эмнеси менен эсте калды?

1
Талибандын жоочулары Кабулдагы жардыруу болгон жерди текшерип жатат. 1-январда аскердик аэропорттун текшерүү бекетинде бомба жарылып, бир нече кишинин каны төгүлүп, көптөр жарадар болгон, 1-январь, 2023-жыл. (AP Photo/Ebrahim Noroozi)

2
Тегерандагы Франциянын элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы. Француздардын Charlie Hebdo журналы Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеини шакаба кылган сүрөтүн жарыялагандан кийин нааразы болгон ирандыктар көчөгө чыккан. 8-январь, 2023-жыл. (West Asia News Agency/Majid Asgaripour)

3
Украинадагы Северский Донец дарыясындагы орус армиясы жардырып салган көпүрө жана Богородичное кыштагы, 13-январь, 2023-жыл. (AP Photo/Evgeniy Maloletka)

4
Босниянын чыгышындагы Дрина дарыясындагы акыр-чикир. Батыш Балкандагы үч өлкөнүн дарыянын жээгине жакын төгүлгөн таштанды кышында жана жазында сууга агат.
20-январь, 2023-жыл. (AP Photo/Armin Durgut)
20-январь, 2023-жыл. (AP Photo/Armin Durgut)

5
Пешавардагы мечитте жанкечтинин жардыруусунда набыт болгон кишинин үй-бүлөсү полициянын имаратында маркумду жоктоп турат. 1-февраль, 2023-года. (AFP/Abdul MAJEED)

6
Түркиянын Кахраманмараш шаарында катуу зилзалада үй-жайы талкаланган аялдар. 6-февралда Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүгүндө эки ирет кайталанган жер титирөөдө 9 миң киши набыт болуп, миңдеген тургун жараат алды. 8-февраль, 2023-жыл. (EPA-EFE/SEDAT SUNA)

7
Украинада Орусиянын согушу уланып жатканда АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде жолугушту. 20-февраль, 2023-жыл. (REUTERS/Gleb Garanich)

8
Тбилисидеги парламент имаратынын алдында "Чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды кабыл алууга каршы чыккан демонстранттар Евробиримдиктин желегин көтөрүп турат. Грузин полициясы чогулгандарга көздөн жаш чыгарчу газ чачып, суу менен аткылап жатат. 7-март, 2023-жыл. (Photo by AFP)

9
Бахмуттун алдындагы майданда жарадар болгон украин аскерин көтөрүп баратышат, 23-март, 2023-жыл. (AFP/Aris Messinis)

10
Тегерандын көчөсүндөгү аятолла Рухолла Хомейнинин сүрөтүнүн алдына илинген видео камера. IRNA агенттиги 9-апрелде иран полициясы коомдук жайларда хижаб кийбеген аялдарды көзөмөлдөө жана аныктоо үчүн көчөлөргө заманбап видео камералар орнотуларын жарыялаган. Былтыр сентябрда Иранда 22 жаштагы студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Анын өлүмүнөн кийин Иранда бир нече айга созулган жапырт толкундоолор болгон. (EPA-EFE/ABEDIN TAHERKENAREH)

11
Камчаткадагы эң чоң Шивелуч жанар тоосу атылгандан кийин Усть-Камчатск районундагы үй менен машинени басып калган калың чаң. Шивелуч атылгандан кийин айлана тегеректи 20 чакырым бийиктикке чейин чаң каптаган. (Dmitry Melnikov/Russian Academy of Sciences/TASS)

12
Белграддагы Владислав Рыбникар мектебинин жанында 13 жаштагы өспүрүмдүн огунан өмүрү кыйылгандардын элесине коюлган гүлдөр менен оюнчуктар. 4-майда өспүрүм мектептин кароолчусу жана бир нече классташын атып салгандан кийин кармалган. Бир нече бала менен мугалим ооруканага түшкөн. (AP Photo/Darko Vojinovic)

13
Талибандын жоочулары гуманитардык жардамга келген тамак-аш үчүн кезекке турган аялдарды кайтарууда, 23-май, 2023-жыл. (AP Photo/Ebrahim Noroozi)

14
Мигранттар Польша менен Беларустун чегиндеги тосмонун жанында турат, 28-май, 2023-жыл. (Agnieszka Sadowska/Agencja Wyborcza)

15
Болгариянын баш калаасы Софиядагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы советтик аскерге коюлган эстеликке кызыл боёк сүртүп кетишкен. 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден бери болгарлар украин элине тилектештигин билдирип келет. 31-май, 2023-жыл. (EPA-EFE/VASSIL DONEV)

16
7-июнда Кахов платинасы жарылгандан кийин Херсон шаарынын суу каптаган көчөлөрү. Украинанын түштүк аймагынын тургундары үйлөрдүн чатырларына чыгып, түнү бою Днепр дарыясындагы дамба жарылгандан кийин каптаган суудан коргонушкан. (AP Photo/Libkos)

17
Пакистандын башкаруусундагы Кашмирдин тургуну Тазим Перваиз Жер ортолук деңизинде Грецияга чукул аймакта оодарылып кеткен мигранттар түшкөн кайыктагы уулунун сүрөтүн кармап ыйлап турат. (AFP/Sajjad QAYYUM)

18
Будапештте адаттан тышкаркы аптапта шаар тургундары фонтандан чачыраган сууга сергип жатат. 2023-жылдын жыйы Жердеги метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык мезгил болду. 20-июнь, 2023-жыл. (EPA-EFE/Zoltan Balogh)

19
Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Жогорку сотто иши каралып жатканда Владимир облусундагы Мелеховодон түрмөдө отурган жеринен видео байланышка чыгып жатат. 22-июнь, 2023-жыл. (AP Photo/Alexander Zemlianichenko)

20
Харьков облусунун Довенькое кыштагынын 41 жаштагы тургуну Микола үй-бүлөсүн алып кетип баратат. Анын коңшу Краснополье кыштагындагы үйү орус армиясынын соккусунда тыптыйпыл болуп кыйрап калган. (EPA-EFE/OLEG PETRASYUK)