Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

УКМК "Йакын инкар" кыймылына мүчө деп шек саналгандардын үйүн тинтти


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ошто "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын жигердүү мүчөлөрү деп шек саналган тургундардын үйлөрүн тинтүүгө алды.

Атайын кызмат шаршембиде кабарлагандай, аны 4-май күнү Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын адистери ыкчам маалыматтардын негизинде жасады.

Канча адамдын үйү тинтүүгө алынганы тууралуу маалымат берилбегени менен, шектүү деп саналган төрт эркек кишинин сүрөтү жарыяланды. Расмий кабарда белгиленгендей, шектүүлөрдөн 51 китеп, 10 жарнамалык журнал жана башка техникалык жабдуулар табылган. Алардын айрымдары "Йакын Инкар" кыймылына таандык экени аныкталган. Материалдар экспертизага жөнөтүлгөн.

УКМК аталган кыймылдын мүчөсү деп шек саналган бир жаран ал уюмга мүчөлүктөн баш тартууга макул болгонун кошумчалады.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Заманбап жашоодон баш тартышат, кыздарын окутушпайт. Бул диний агым Кыргызстанда соттун чечими менен 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG