Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Райымбек Матраимовго "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген да айып коюлду


Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.
Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып тагылганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 27-мартта Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралган жараянда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кине коюлган.

27-мартта Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.

УКМК Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”, Тилек Матраимовго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Атайын кызмат эл аралык издөөдөгү Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарын 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген. УКМК Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” атыккан маркум Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп, бажы кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн маалымдаган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG