Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

ЭМНЕ ҮЧҮН НАТОнун КЕҢЕЙИШИ КРЕМЛ БИЙЛИГИН БЕЙМАЗА КЫЛАТ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 2-апрель күнү Бухарест шаарында НАТОнун саммити ачылат. АКШнын президенти Жорж Буш алдыңкы күнү Түндүкатлантикалык альянска Украина менен Грузия үчүн жолду ачуу керек деген чакырык таштады. Ал өлкөлөрдү кабыл алуу кеби кыйлатан бери айтылып келет. А Кремль бийлиги болсо өз кошуналарынды НАТОго кабыл алдыртпайм деп тырышып каршы чыгып келатат. Анализчилердин болжолунда ошол себептүү бул жолку саммитте деле Киев менен Тбилисинин ал уюмга өтүшүн жалпы колдоого алуу болуп ийери күмөн санатат.

Бухаресте өткөнү жаткан саммитте күн тартибиндеги башкы маселе НАТОго жаңы мүчөлөрдү алуу болот дешет. Анализчилер айтканга караганда бул жолу ал уюмга мүчө болуп Албания менен Хорватия өтөт. Ал эми Македония маселеси чечилер-коеру арсар, эмне дегенде ага Греция каршы чыгып атат дешет.
Бул жолу Альянска мүчө өлкөлөр саммитине Орусиялык президент Владимир Путинди да чакырылган.

Жаңы шайланган президент Дмитрий Медведев да НАТОнун кеңейтилишине каршы экенин айткан. Financial Times гезитине берген маегинде ал:
«Грузия менен Украинанын НАТОго мүчө болуп өтүшү европалык коопсуздук системанын негизин бузат» - деген.

Дүйшөмбү күнү жарык көргөн немистик Welt басылмасына берген маегинде президент Жорж Буш болсо: «Кимдин болбосун кошуналарынын демократиялык өлкөлөр болуусу жаман эмес - жакшы» - деп жооп кайтарган.

Анализчилер божомолунда эртеңки саммитте Киев менен Тбилисини Альянска кабыл алуу боюнча чечим кабыл алынат.

«Независимое военное обозрение» басылмасынын анализчиси Владимир Литовкин айтканга караганда, Түндүкатлантикалык аскерий уюм менен Маскөөнүн алакасынын суушуна баарыдан мурда өз алдынча иш алып баруудан качкан, АКШны бел тутуп иш алып барган альянстын ишкердиги себепкер:

«Бүгүн НАТО менен Орусиянын алакасы эң төмөнкү чекте. Ага жангыз эле Орусия эмес НАТО да күнөөлүү», - дейт Владимир Литовкин.

Көзкарандысыз анализчи Александр Гольцтун баамында мурдагы советтик республикалар болуп келген, азыр кайра жаралып аткан, эки жумурияттын башкача баалуулукту барктачу системага ооп кетип атышы - алардын мындан ары байкесине жакшы көрүнүү үчүн жан талашкан көп үкөлөрдүн бири болуп жашоодон качканын билдирет.

«Украина менен Грузиянын НАТОго өтүү үчүн болгон аракетин – баарыдан мурда мобуреки саясатты кордоо болду деп түшүнсө болот», - дейт.

АКШнын президенти Жорж Буш дүйшөмбү күнү Киевде болуп анын аркы эки күнү Бухерестте НАТО олтурумуна катышып андан соң Сочиге баруу менен иш сапарын аяктап атышы маалым болууда.

XS
SM
MD
LG