Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

БАСРАНЫ БОШОТУУ- ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАЛИКИ ҮЧҮН ТАГДЫР ЧЕЧЕР МАСЕЛЕ


Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында өкмөттүк күчтөр менен шиит имамы Муктада ас- Садрга ишенимдүү Мехди армиясынын согушчандары ортосундагы айкаш уланууда. Урушта бери дегенде 40 кишинин каны төгүлүп, 200дөй адам жараат алганын Ирак бийликтери маалымдады. Багдаддын четиндеги Садр шаарында да өкмөттүк күчтөр менен АКШлык аскерлер ас- садрчылар менен кырчылдашып жатканы маалымдалды. Басра аркылуу Ирак сырткы базарга саткан мунайдын дээрлик 90 проценти өтөт.

Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн Басра шаарын шииттердин Мехди армиясынын согушчандарынан тазалоо аракети, премьер- министр Маликинин өкмөтү үчүн опурталдуу аякташы ыктымал. Эмне үчүн? Биринчиден, Ирактын коопсуздук күчтөрү Мехди армиясындай мыкты уюшкан эмес. Экинчиден, радикал шиит имамы Муктада ас- Садр жети айдан берки буйругун жокко чыгарып, Мехди армиясына кеңири чабуулга өтүүгө уруксат бериши ыктымал. Бул өз ара элдешүүгө бөгөт болору шексиз. Анткени, садрчылардын бейтарап болуп туруусу, АКШлык аскерлерге жааташтыкты басуусуга жана козголоңчулардын зобун- зордуктарын тыйууга жакшы өбөлгө түзгөн.

Үчүнчүдөн, өкмөттүк күчтөр Басрадагы операциясын токтотпосо, парламенттеги садрчылар блогу өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин колго салууга астейдил кам көрө баштады. Бул жөнүндө парламенттиги садрчылар тобунун өкүлү Салих ал- Игайли шейшемби күнү маалымдады:

- Ирак парламентиндеги садрчылар блогу Маликинин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө боюнча конкреттүү кадамдарды жасашты. Биз бүгүн эртең менен парламенттеги саясый партиялардын айрымдары менен байланыштык. Кээ бир саясый блоктор менен алдын ала келишим түздүк. Аларды азыр атай албайм. Өкмөт Ирак элине каршы репрессияны токтотпосо, келишимди жарыялайбыз.

Ас- Садр өзү Басрадагы чабуул токтотулбаса, анын тарапкерлери бийликке баш ийбөө жараянын баштаарын да кулак какты кылды.

Кошмо Штаттары Маликинин Басрада өкмөттүк бийликти орнотуу аракетин колдоп, бирок чабуулду пландоого эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ирактагы көп улуттуу күчтөрдүн комнадачысы, генерал- майор Кевин Бөргнердин ырасташынча, чабуулдун бирден бир максаты- шаарды кылмышкерлерден тазалоо:

-Басрада тартип орнотуу операциясы, айрым бирөөлөр ойлогондой, Мехди армиясынын согушчандары менен күрөшүү эмес. Же башка бирөөлөр жоромолдогондой АКШ жана Иран ортосундагы тымызын согуш да эмес. Бул Ирак өкмөтүнүн куралдуу кылмышкерлерге каршы күрөшү.

Ирак тышкы базарга саткан мунайдын 90 процентке жакыны Басра порту аркылуу ташылат. Андыктан, шаар ас- Садрга ишенимдүү Мехди армиясынан бошотулса, Маликинин өкмөтү Ирактын мунай өнөр жайын контролдоого мүмкүндүк алат.

XS
SM
MD
LG