Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

ЫСЫККӨЛДӨГҮ ТӨРТ ПАНСИОНАТ ЭКИ КОҢШУНУН ТАРАЗАСЫНДА КАЛДЫ


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Германиядан кайтып келгенден кийин өкмөт менен өткөргөн алгачкы жыйынында Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионаттын тагдырын ачыктап, Казакстанга берүү маселесин тез чечүү керек деп шаштырды. Ошол эле күнү Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу эки мамлекеттин кызматташуусу жана жакындагы визити тууралуу сүйлөшкөндүктөн пансионаттарды белекке алып барат деген кайчы пикир күч алды.

Президент Курманбек Бакиев өкмөт жыйынында Казакстан алууга жан үрөп жаткан төрт пансионаттын тагдырын чечүү эмне үчүн узакка созулуп жаткандыгына таңданып, аны тез чечпей жаткан бийлик өкүлдөрүнө ачууланды:

-Эмне казактар ал пансионаттарды өз жерине көтөрүп кетмек беле? Азыр жумушсуз жүргөн адамдар жылы бою ошол жерде иштешет да. Экономикалык пайда көрүнүп эле турбайбы! Жок, аны тескерисинче апыртып, а өкмөттүн мүчөлөрү болсо көзүн жуумп отура бериш керек экен да! Каршы пикирдегилер болсо президент, өкмөт унчукпагандан кийин бир мандеми бар деп, маселени ого бетер күчөтүп атышпайбы, - деп, пансионаттар биротоло эмес, пайдаланууга гана берилерин да баса белгилей кетти.

Президенттин мындай билдирүүсү стратегиялык маанилүү жайларды менчиктештирүү же башка өлкөгө берүү токтотулсун деп жаткан тараптардын дароо каршылыгын пайда кылды.

Өткөн жумада Ысыккөл облусундагы бардык район жана айыл өкмөт өкүлдөрү чогулуп, пансионаттар берилбесин деген чечим кабыл алгандыгын эске салган “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев президент Жгорку Кеңешке түздөн-түз көрсөтмө берди, бирок ага эл каршы деп билдирди:

- Баякүнү коомчулуктун бардык өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн “Акыл ордо” кеңешинде бул пансионаттар элдин энчиси катары мамлекетте калыш керек деп түздөн-түз айтылган. Элдин пикири бирөө гана - пансионаттар эч кимге берилбеш керек. Эгер берилсе биз мамлекеттин ортосунда башка бир мамлекетти пайда кылабыз. Ошол жерде Казакстандын анклавдары пайда болот. Мунун бардыгы саясий негизде эсептелиш керек. Бүгүнкү күндүн саясат менен эртең Бакиев Казакстанга барат экен деген саясат менен чечпеш керек. Эл буга нааразылыгын сөзсүз билдирет. Себеби эл эч кимге берилбеш керек деген ойдо.

Акыркы жыйынында Кыргызстандын энергетика тармагы менчиктештирилбесин, пансионаттар берилбесин, жер алмаштырылбасын деген чечим кабыл алган Коомдук парламенттин төрагасы Аликбек Жекшенкулов болсо СССРдин акчасына курулган пансионаттарды берүүгө эл аралык укук нормалары жол бербейт деп билдирди.

Анын айтымында, 1992-жылы СССРдин менчигин бөлүштүргөн эл аралык келишимде Кыргызстан өз аймагында курулган жайларды берүүгө каршы пикирин билдирип кол койгон. Демек президент аларды Казакстанга жасаган сапары учурунда белек катары сунуп барган жатат, дейт Аликбек Жекшенкулов:

-Себеби президенттин Казакстанга визити болот. Көп маселелер ушуга келип такалып жатат. СССР доорундагы менчиктер кимдин аймагында болсо ошол мамлекетке тиешелүү деп айтылган. Демек биздин аймакта болгондон кийин бизге тиешелүү. Анан пансионаттар Казакстандын каражатына салынган деген жаңылыш маалымат таратылып жатат. Бул Казакстандын эмес СССРдин каражатына курулган. Бул жерде эл аралык мыйзамдарга негиздесек пансионаттар Кыргызстанга тиешелүү.

Аталган пансионаттардын тагдыры чечиле турган 2006-жылкы келишимди ратификациялоону талкуулап, добуш бере турган Жогорку Кеңештин депутаттары болсо азыр эки анжы пикирде.

Социал-демократтар партиясынын депутаты Роза Отунбаева өз фракциясы ага каршы экендигин билдирди. “Ак жол” партиясындагы депутаттардын бир даары Кыргызстандын келечеги менен азыркы чек ара, пансионат маселесин салмактап көрөлү дешсе, бир даары кандай чечимге келишээрин азырынча ачык айтыша элек.

Ал эми саясат талдоочулар Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялап берсе элдин парламент менен бийликке нааразылыгы күч алышы мүмкүн деген божомолдо.

XS
SM
MD
LG